• Башкы
  • Биз жөнүндө
  • Кызматкерлер
  • Документтер
    • Айыл өкмөттүн документтери
    • Айылдык кеңештин токтомдору
logo Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү
Көрүүсү начарлар үчүн версия
logo Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү
  • Жаңылыктар
  • Бөлүмдөр
    • Вакансиялар
    • Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
    • Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
    • Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат
  • Фотогалерея
    • Коллектив
  • Барактар
    • Муниципалдык кызматтар
  • Инфографика
  • Интернет-кабылдама
logo Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү
Көрүүсү начарлар үчүн версия
Башкы / Айыл өкмөтү жөнүндө

Айыл өкмөтү жөнүндө

Үч-Коргон  айыл аймагы Кыргыз Республиканын борбору Бишкек шаарынан 500 км, облус борбору Жалал-Абад шаарынан 120 км,  Аксы районунун борборунан 70 км аралыкта жайгашкан. 

Чыгыш тарапта Нарын дарыясы аркылуу Өзбек Республикасы менен 11,5 км, чыгыш жана түңдүк-чыгыш тараптан Нарын дарыясы, Шамалды-Сай шаары жана Таш-Көмүр шаары менен, түндүк-батыш жана түндүк тараптан Ак-Суу жана Жаңы-Жол айыл өкмөттөрү менен, батыш тарабынан Жийде-Сай сел өтүүчү сай аркылуу Өзбек Республикасы менен 3,2 км чектешкен. Айылдык аймактын борбору Нарын айылы

Айыл аймагы 1997- ж. уюштурулган.Үч-Коргон айыл өкмөтү 7 айылдан турат, алар:  Нарын, Кызыл-Жар, Жыл-Кол, Кум, Мор-Булак, Дейрес жана Терс айылдары.

Айыл өкмөтүнүн аймагында  2024-жылдын 1-сентябрына карата 3718 кожолук эл жашап, жалпы калкынын саны 25772 адамды түзөт, анын ичинен 12712 адамы эркектер, калган 13060 адамы аялдардан турат. 

Айыл  аймагында улуттар боюнча кыргыздар 21507 адам же 97,3 %, өзбек улутундагылар 1882 адам же 0,2%, орустар  6  адам же  0,02 %,  башка улуттар  003% түзөт. Жалпы жер аянты 21529 га. Негизинен тоолуу жана өздөштүрулгөн тегиз айыл чарба жерлерине ээ болгон  аймак, деңиздеңгээлинен585-700 метр бийиктиктежайгашкан. Ортоконтиненттик климат айылчарбасынынөнүгүшүнөоң таасиринтийгизет. Кыш мезгили3 айгасозулат, минималдуутөмөнкү температура -15-18оСжетишимүмкүн. Жаймезгилинде температура +40оСчейинжетишимүмкүн. Жайындаорточо температура +35оС, кышында-12оС, темир жолдон 15 км аралыкта жайгашкан. Үч-Коргон айыл аймагы 2027-жылга чейин калкынын жашоо шарты жакшыртылган, экономикалык, социалдык жана экологиялык бакубаттуулугу сакталган,  ресурстарын эффективдүү пайдаланган, экономикасы туруктуу өнүккөн, айыл чарбасында өндүрүлгөн продукциялардын көлөмүн арттыруу максатында айдоо жер аянттарын натыйжалуу пайдалануу менен түшүмдүүлүгү көбөйтүлгөн, мал чарбачылыгында малдын асылдуулугу жана азыктуулугу артырылган, инвестициялар тартылып, айыл чарба продукцияларды кайра иштетүүчү чакан ишканалары ачылган, ар түрдүү багыттагы айыл чарба кооперативдерди уюштурулган, калкы жумуш менен камсыз болгон аймакка айланат.

Айыл аймагындагы жаштарды патриоттуулукка тарбыялоого, мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин базалары чындалган, билим берүүнүн сапаты жакшыртылган, аларга кесиптик багыт берүүгө, саламаттыкты сактоо тармагында калктын ден соолугун чындоодо саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишин жакшыртууга өзгөчө көнүл бурулган,   ички жолдору ондолгон жана транспорт катнаштары жакшыртылган, эли таза суу менен камсыз болгон таза  аймак. 

<
>

✖

logo Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү
Жалал-Абад областы, Аксы району, Нарын айылы, ул. Н.И.Мешков көчөсү, 9
uch-korgon@inbox.ru
+996 778 747 457

Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат
Яндекс.Метрика
Жумуш убактысы
Дүйшөмбү - Жума
08:30-17:30
Тыныгуу 12:00-13:00
Дем алыш: Ишемби - Жекшемби
Пайдалуу шилтемелер
Сайттын картасы Купуялуулук саясаты Көп берилүүчү суроолор
Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү | © 2024