Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына видеоконференция режиминде катышты.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда күн тартибинде 15ке жакын маселе каралып, анын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен Өнүгүп келе жаткан жана начар өнүккөн өлкөлөрдөн келген товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди, анда тарифтик преференцияларды, бенефициар-өлкөлөр менен административдик кызматташуу боюнча жоболорду оптималдаштырууну, ошондой эле беш жылдан бери калыптанып калган укук колдонуу практикасын эске алуу менен даярдалган бир катар башка өзгөртүүлөр, товарлардын келип чыгышын документтештирүү жол-жоболорун өркүндөтүү, импорттоочулар үчүн шарттарды жөнөкөйлөтүү каралган.
Ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин «Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине жаңы терминдерди (мисалы, «жыпар жыттуу оюнчук», «жумшак оюнчук», «шалкылдак», даам жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн (даам топтому)» жана башка) жана оюнчуктардын жаңы түрлөрүнө талаптар (мисалы, жыт сезүүнү өнүктүрүү үчүн стол оюндары, даам топтомдору ж.б.).кошууну караган өзгөртүүлөр киргизилди.
ЕЭК Кеңешинин бул чечиминин негизги максаттары адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу, оюнчуктарды керектөөчүлөрдү (сатып алуучуларды) адаштыруучу аракеттерди болтурбоо жана Биримдиктин бажы аймагында өндүрүлгөн продукцияны үчүнчү өлкөлөр менен соодалоодо техникалык тоскоолдуктарды жоюу болуп саналат.
Мындан тышкары Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (текшерүүгө) алынуучу продукциялардын (товарлардын) бирдиктүү тизмегинин ооз гигиеналык каражаттарды жана буюмдарды мамлекеттик каттоо боюнча II бөлүмүнө өзгөртүүлөр киргизилди.
Бул биримдиктин рыногуна ооз гигиена каражаттарынын жана шайкештигин баалоодон өтпөгөн буюмдардын жүгүртүүгө чыгышын минималдаштырууга, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) жүргүзүүдө укуктук боштукту жоюуга мүмкүндүк берет.